• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дональд Трамп тарткан сүрөт аукционго коюлду

Дүйнө 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Дональд Трамп тарткан Нью-Йорктун сүрөтү аукционго коюлду. 2005-жылы тартылган бул сүрөт үчүн 9 миң доллар сурашууда.

The Hill билдиргендей, сүрөттө Trump Tower борборундагы көк тиреген имарат менен Нью-Йорк чагылдырылган. Этегинде Дональд Трамптын алтын түстүү маркер менен койгон колу турат.

АКШ президенти бул сүрөттү сабатсыздыкка каршы каражат топтоо кайрымдуулук иш чарасында тарткан. Бул иш чарага сенатор Джон Маккейн, актер Бен Аффлек жана актриса Шарлиз Терон жана башкалар катышкан.

Аукцион үйү сүрөт “сонун абалда” экенин айтууда. Соодалашуу бүгүн, 27-июлда өтөт.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий