• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Донорлор Кыргызстандын президентине маморгандардын иши тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Дипломатиялык чөйрөнүн, эл аралык жана финансы уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго 2040 Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда өздөрүнүн көз карашын билдиришти.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн донордук жолугушууда Евразиялык өнүгүү банкынын өкүлчүлүгүнүн директору Серик Примбетов Жээнбековго ЕӨБ тарабынан республикада ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берип, аларда өткөн жыйындарга тийиштүү ведомстволордун активдүү катышуусуна чакырды.

“Биздин донордук жардам Токтогул ГЭСин, Камбарата ГЭС-1 модернизациялоого жана жолдорду курууга жумшалып жатат. Андан тышкары 110 млн. доллар түндүк-түштүк унаажолун курууга жумшалууда. Ошондой эле Кыргызстан “Ден соолук кербенин” өткөрүүгө грант утуп алды. Биз аларды Бишкек менен Ошко орноттук. Биз жыл сайын ЕАЭБ өлкөлөрү арасында жыйын өткөрүп келебиз жана сиздердин министрлерин ага активдүү катышса дейбиз. Бул жолу иш-чара Москвада 2 ноябрь күнү өткөрүлөт”, - деп кошумчалады Примбетов.

КРдагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн кызматташуу Башкармалыгынын башчысы Шарлотт Адриен коррупция менен күрөшүүдөгү аракеттерге токтолду.

Швейцариянын КРгы элчиси Вероника Ультман кабарлагандай, “Таза Суу” долбоору боюнча баардык документтер иштелип чыккан, бирок КР өкмөтү тарабынан кабыл алына элек. Ошол себептен долбоорду кармоо жүрүп жаткандыгы түшүнүксүз.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуу абдан жакшы маанайда өткөндүгүн билдирди.

“Келечекте биз бирдиктүү ишти улантабыз. Биз маморгандардын бүгүн жумушун кандай аткарып жаткандыгын жана силер кандай тоскоолдуктар менен кезигип жаткандыгыңарды билгибиз келген. Маморгандарынын жумушунда силер айткан баардык каталарды жоюу үстүндө иштейбиз”, - деди Жээнбеков.

Аягында президент баардык эл аралык уюмдарга жана өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий