• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юридикалык жактарды жоюу  боюнча доо арыз берүүнүн тартиби талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 15-январь күнү Ош облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ош шаарынын салык кызматынын, Социалдык фонд кызматынын жана Юстиция министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 16-декабрындагы Пленумунун №13 токтомун ишке ашыруу болуп, анда юридикалык жактарды жоюуда райондор аралык соттор тарабынан колдонулуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдын нормаларын туура жана бирдей колдонуунун камсыздалуусу, юридикалык жактардын өз эрки жана мажбурлоо түрүндө жоюунун тартиптери талкууланды.

Ошондой эле салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары тарабынан юридикалык жактарды жоюу боюнча доо арыз берүүнүн, аларды өндүрүшкө кабыл алуунун жана кароонун тартибин талкуулап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий