• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Бишкекте Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Жумалык 1-5-апрель күндөрү болуп өтөт. Жумалыктын алгачкы күнүндө саат 13:00 саясий ишмер, КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбековдун "Арман" аттуу тасмасы көрсөтүлөт.

Ошондой эле кийинки күндөрү анын "Махабат дастаны", "Түркүн тагдырлар", "Акбаранын көз жашы" тасмалары көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Быйыл ал 80 жашка толмок. Анын көзү өткөндөн кийин ага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий