• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Дордой” 0:2 эсебинде Тажикстандын “Истиклол” командасына утулду

Спорт 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кечээ “Дордой” командасы өзүнүн Азия футбол конфедерациясы – 2017 топтук мелдешинин биринчи оюнунда Тажикстандын “Истиклол” командасына 0:2 эсебинде утулду. Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Душанбе (Тажикстан) шаарында D тобундагы биринчи турдун беттеши болду.

“Иститклол” 2:0 эсебинде жеңишке жетишип, D тобунун турнирдик таблицасында алгачкы 3 баллды алды.
Экинчи турда 4-апрелде Бишкекте “Алай” “Дордой” менен ойнойт, ал эми “Алтын асыр” “Истиклолду” кабыл алат.

Эскерте кетсек, кечээ Ош шаарында “Алай” командасы Түркмөнстандын азыркы чемпиону “Алтын асырга” 1:2 эсебинде утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий