• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дордой-1 конушунда үй өрттөнүп, эки адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Дордой-1 конушундагы Дордой 12 көчөсүндө үй өрттөнүп, анын айынан эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, үйдүн 65 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кездемелер күйгөн.

Кырсыктын айынан 40 жаштагы аял жана 28 жаштагы кыз колу-бутунан жаракат алып, алар ооруканага жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий