• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев: 20 жылдан ашуун мамкызматта иштеген Сооронбай Жээнбековго бир да компромат таба алышпайт

Шайлоо 2017 0

«Мен Сооронбай Жээнбековго ишенем, анткени ал 20 жылдан ашуун мамлекеттик кызматта иштеп, ага бир да компромат табылбады», - деп билдирди «Дордой» Ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

«Биздин өлкөдө өтө сейрек кездешүүчү окуя. Эгерде кенедей эле компромат болсо, анда политтехнологдор, каршылаштар ыплас оюндарын башташмак, анан билип ал, чындык кайда, калп кайда. Ашуудан ат алмаштырбайт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев алган багыт мамлекетибиздин энергетикалык көз карандысыздыгына алып келди. Биз эми коңшу мамлекеттер жарыкты өчүрүп салат деп коркпойбуз. Карап көрсөңөр, акыркы
алты жылда электр зымдары менен трансформаторлорду буга чейин 20 жылда болбогондой алмаштырышты. Алты жылдын ичинде канча деген жолдор жасалды? Сооронбай Жээнбеков бул иштерди улантат. Ошондуктан бизге туруктуулук керек», - деп белгиледиСергей Пономарев.

Анын айтымында, ага талапкердин «Кыргыз көчү жолун улайт» аттуу урааны абдан жагат. «Парламенттик-президенттик башкаруу формасы, президент Алмазбек Атамбаев, баарыбыздын аркасы менен биз туруктуу, тез өнүккөн, дүйнөлүк аренада олуттуу баага татыган өлкө кура алдык», - деди Сергей Пономарев.

Ал белгилегендей, пенсия жана айлык акылардын көбөйүшү экономика туруктуу өнүгүп жатканда гана мүмкүн. «Баардык коомдук пайдалар экономикалык тармактан алынат. Экономика мындан ары да өнүгүүсү үчүн бизге туруктуулук керек. Бизге азыркыдай так, түшүнүктүү багыт керек. Талапкер жалгыз эместигин, командасы бар экенин айтты. Биргеликте биз мыкты көрсөткүчтөргө жетишебиз. Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деген принципти карманган Сооронбай Жээнбековго добуш бериңиздер!», - деп бишкектиктерди чакырды Сергей Пономарев.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 03.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий