• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дордой базарындагы контейнерден өрт чыкты – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бишкектин Дордой базарынын аймагындагы унаа тетиктери сакталган контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:10до бир бөлүм, саат 12:36да дагы бир бөлүм тартылган.

Өрт саат 14:12де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий