• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Дордой" базарындагы өрт: 42 соода түйүнү жана 9 күркө күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. "Дордой" базарындагы өрттөн 42 металлдан жасалган соода түйүнү (контейнер) жана 9 күркө күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, павильондордо тез тамактар, шаурма жана суусундук сатылган.

Өрттүн жалпы аянты миң чарчы метрди түзөт.

Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий