• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Дордой” базарындагы өрттөн эки жаран жана куткаруучу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бишкектеги "Дордой" базарынын контейнерлеринен чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түздү. Тилсиз жоонун кесепетинен үч адам жабыркаган.

“Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн "Дордой" базарында өрт чыгып, кырсык катталган жерге 60 куткаруучудан турган жети бөлүм, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылган.

Пикир

Оставить комментарий