• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Дордой" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын Асырга" жеңилди

Спорт 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Кечээ, 19-июнь күнү Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттеште "Дордой" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын Асырга" утулуп калды.

Беттеш Түркмөнстанда болуп өтүп, "Дордой" 1:3 эсебинде жеңилди.

Буга чейин эки команда Бишкекте ойногон. Анда командалар тең чыккан.

Белгилей кетсек, "Дордой" АФК Кубогунун алкагында бешинчи беттешин өткөрдү. Бир беттешинде тең чыгып, үчөөндө жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болгон "Дордой" 4 упайга ээ болуп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Келерки шаршемби күнү, 26-июнда "Дордой" тажикстандык "Хужанд" менен ойнойт. Ал оюн Бишкекте өтөт.

Пикир

Оставить комментарий