• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АФК Кубогу: "Дордой" футбол клубу "Алтын Асыр" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Эки команданын Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун топтук баскычынын алкагындагы беттеши 3-апрель күнү Бишкекте өтөт.

Ага чейин "Дордой" клубунун футболчулары машыгуулар үчүн Түркияга учуп кетти.

"Александр Крестинин баш болгон команда машыгуулар үчүн Анталияга учуп кетишти. Ал жактан команда алдыдагы өлкөнүн биринчилигине жана түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубу менен болчу оюнга даярданышат", - деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий