• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Дордой" футболдук клубу Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү аталды

Спорт 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасында (13 жашка чейин) Кыргызстандын кубогунун финалдык оюндары болуп өттү.

Беттешке "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант, Чүй облусу), "Нефтчи" (Кочкор-Ата) жана Футбол академиясы (Ош) катышкан.

"Дордой" клубу акыркы үч беттешти жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Экинчи орунда Футбол академиясы жайгашса, кийинки сапка "Нефтчи" командасы илинди.

Белгилей кетсек, аталган турнирдин алгачкы баскычында Кыргызстан боюнча 7 облустун командалары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий