• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Дордой" клубу "Алайды" 2:1 эсебинде утуп, Кыргызстандын Суперкубогуна ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Дордой" футбол клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кечээ, 14-июль күнү Кыргызстандын Суперкубогу үчүн "Дордой" менен "Алай" командалары оюн өткөргөн.

Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда өткөн оюн 2:1 эсебинде "Дордойдун" пайдасына чечилди. Оюнда голдорду Артур Валикаев, Эрнист Батырканов жана Мирбек Акматалиев ("Алай") киргизген.

Белгилей кетсек, "Дордой" клубу төртүнчү ирет Кыргызстандын Суперкубогунун ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий