• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Дордой" клубу өспүрүмдөр арасында футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын футбол биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандын биринчилиги 5-7-октябрь аралыгында болуп, 14 жашка чейинкилер (U-14) жана 17 жашка чейинки (U-17) өспүрүмдөр арасында эки башка турнир болду.

14 жашка чейинкилер арасындагы турнирде биринчи орунду "Дордой" клубу ээледи. Алар эки беттешти жеңип, бирөөсүн тең чыгуу менен аяктаган. Экинчи орунга "Илбирс" командасы илинсе, үчүнчү орунга А. Момунов атындагы Футбол академиясы татыды.

Ал эми 17 жашка чейинкилер арасында да "Дордой" клубу алдыңкы орунга чыкты. Алар 3 беттешти тең жеңип чыккан. Экинчи орунга А. Момунов атындагы Футбол академиясы жайгашкан. Коло байгени Чүй облусундагы жаштар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби жеңди.

Ошондой эле эки турнирде тең мыкты оюнчулар жеке байгелерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий