• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Дордой” клубунун машыктыруучусу алмашты

Спорт 0

Бишкек, 6-июнь /Айжамал Дүйшөева - Кабар/. Дордой футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Александр Крестинин дайындалды. Дордой клубунун вице-президенти Улугбек Салымбеков билдиргендей, мындай алмашууга “Дордойдун” канааттандырбаган жыйынтыктары себеп болгон.

“2014-жылы бизде азыркыдай төмөн көрсөткүчтөр болгон эмес. Бул системалык кризистин жыйынтыгы болуп калды. Өз кезегинде бул кандайдыр бир орун алмашууларды талап кылды”,- дейт У.Салымбеков.

Ошондой эле, ал нтаыйжада Руслан Сыдыковдун иштен четтетүү боюнча өтүнүчү кабыл алынганын, ал эми жаңы орунга Александр Крестининдин талапкерлиги туура келгенин кошумчалады.

“Учурда ал биздин өлкөдө эң мыкты адис болуп саналат. Буга “Улуттук курама” команданын жетишкендиктери мисал болот”. Ошондой эле У.Салымбеков, Крестининдин “Нефтчи” командасын 2010-жылы чемпион кылганын эске салды.

Анын айтымында, “Дордойдун” оюнчулары башка клубдарга салыштырмалуу “Улуттук курамада” басымдуулук кылат.

“Биздин клубдун ишин жакшыртуу “Улуттук курамага” да өз жемишин алып келет. Биз ага “Дордойдо” ийгилик каалайбыз!” - деди У.Салымбеков.

Пикир

Оставить комментарий