• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Дордой" менен "Алай" командалары Кыргызстандын Суперкубогу үчүн 14-июлда күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу 2019-жылдын 14-июлунда Ош шаарындагы Ахматбек Суюмбаев атындагы талаасында өтөт. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Беттеште Бишкектин "Дордой" клубу менен Оштун "Алай" командасы оюн өткөрөт. Эки команданын алгачкы оюну 2014-жылы орун алган. Анда 3:0 эсебинде "Дордой" жеңишке жеткен. 2017-жылы 4:1 эсебинде "Алай" командасы утуп алган.

2018-жылкы Суперкубок оюну Жалал-Абаддагы "Курманбек" талаасында болуп, "Алай" командасы 4:2 эсебинде биринчиликти илип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий