• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Дордой” менен “Алай” КРдин футбол боюнча кубогу үчүн беттешет

Спорт 0

Бишкек, 22.09.17 /Тумара Туратбекова - Кабар/. “Дордой” жана “Алай” клубдары Кыргызстандын футбол боюнча кубогунда финалда беттешет. Оюн 29-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Башталышы кечки саат 19:00.

Бишкектин “Дордойу” рекордсмен болуп саналат. Алар Кыргызстандын кубогун 8 ирээт утушкан.

“Алай” футбол клубу тунирдин финалына 6 ирээт чыккан, бирок кубокту бир жолу эле утушкан.

“Дордой” менен “Алай” КРдин футбол боюнча кубогунда үчүнчү ирээт беттешишет.

Пикир

Оставить комментарий