• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Дордой» муниципалдык базарын жакшыртуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Мэрдин милдет акаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Кожевенная көчөсүндөгү «Дордой» муниципалдык базарынын аймагын текшерип чыгышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө бул жерде жалпы аянты 1 миң 850 чарчы метр болгон 76 күркө жана 1 миң 589,5 чарчы метр болгон 14 жүк сактоочу жай жайгашкан.

“Базардын кемчиликтеринин бири электр өткөргүч линияларынын аймагында 40 күркө жайгашкандыгы. Бул объекттер Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын буйругу менен түрттүрүлүп, иретке келтирилиши керек”, - деп айтылат маалыматта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистерине жагымдуу шарттарын түзүү менен заманбап муниципалдык базардын долбоорун иштеп чыгуу жана электр берүүчү аймагына караштуу жер участогунда унаа токтотуучу жайды уюштурганга мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий