• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Дордой" тажикстандык "Истиклол" футбол клубуна утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын үчүнчү айлампасында Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклолго" утулуп калды.

Оюн кечээ Душанбе шаарынын борбордук "Памир" стадионунда өтүп, 4:1 эсебинде аяктаган.

"Дордойдун" эсебиндеги жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.

Эскерте кетсек, буга чейин "Дордой" клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана тажикстандык "Хужанд" клубдары менен ойногон. Биринчи оюнда эсеп тең чыкса, "Хужант" менен болгон беттеште "Дордой" жеңилип калган.

Учурда кыргызстандык клуб бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук мелдеш.

Пикир

Оставить комментарий