• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Дордой" тажикстандык "Хужанд" футбол клубу менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында тажикстандык "Хужанд" менен беттеш өткөрөт.

Беттеш 26-июнь күнү Бишкектин борбордук стадионунда өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн шаршемби, 19-июнь күнү "Дордой" түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен ойноп, 1:3 эсебинде утулуп калган. Беттеш Түркмөнстанда болуп өткөн.

Ошентип бир беттешинде тең чыгып, үчөөндө жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болгон "Дордой" өз тайпасында акыркы орунда туруп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Пикир

Оставить комментарий