• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Дордойдо» 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылуусу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. «Дордой» базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылуусу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт», – деп билдирди бүгүн, 15-февралда, «Дордой» соода-рынок комплексинин профсоюздук комитетинин төрагасы Дамира Дөлөталиева «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумундагы талкуунун жүрүшүндө. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында мындан бир ай мурда пайда болгон «Дордой» базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылуусу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Көптөгөн ишкерлер жаңы жыл алдында 2-3 жумага өргүү алат, натыйжада бул учурда контейнерлердин айрым бөлүгү жабылат», – деди ал.

«Дордой» соода комплексинин профсоюздук коммитетинин жетекчиси Дамира Дөлөталиева билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү «Дордой» рыногуна өз өнүгүүсүнүн жаңы баскычына чыгуусуна шарт түздү.

«Дордой» базары каатчылыкта калгандыгы тууралуу кеп болгон жок. Биздин көптөгөн ишкерлер Евразиялык экономикалык биримдик шартында иштөөгө ыңгайлаша алды», – деди «Дордой» соода-рынок комплексинин профсоюздук комитетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий