• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Дордойдогу” 2 контейнер товарлары менен кошо күйүп кетти - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. “Дордой” базарында эки кабаттуу 2 контейнер ичиндеги товарлары менен кошо күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-октябрда болжол менен саат 17:10дор чамасында базардагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 18:02де чектөөгө алынып, кечки саат 18:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Азырынча өрттүн себеби белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий