• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын 2018-жылдагы мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубу билдирет.

FFKR Football Awards-2018 сыйлоо аземи кечээ болуп өттү.

Маалыматка ылайык, мыкты оюнчу жана машыктыруучуларды 11 категория боюнча аныкташкан. Тандоону футбол федерациясынын 30 кишиден турган атайын комиссиясы жүргүзүшкөн.

Мыкты футболчу аталган Кайрат Жыргалбек уулу өзүнүн клубдашы Бекжан Сагынбаевди жана польшалык “Тыхы” клубунун оюнчусу Эдгар Бернхардтты артта калтырган.

Ал эми мыкты машыктыруучу наамына “Дордой” жана Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин татыды.

Жыйынтыктар:

ТОП-Лиганын мыкты футболчусу - Шерзот Шакиров;

Ардагерлер лигасынын мыкты оюнчусу - Евгений Пилипас;

Кыз-келиндер арасында мыкты футболчу - Айжан Боронбекова;

Футзал боюнча мыкты оюнчу - Улан Байгазы уулу;

Мыкты калыс - Дмитрий Машенцев;

ТОП-Лиганын өжөр клубу - “Кара-Балта” футболдук клубу;

Жылдын алдыга чыгышы - КРнын улуттук курамасы;

Сыймык - КРнын кыз-келиндер курамасы (U-19).

Пикир

Оставить комментарий