• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. "Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Ошондой эле Башкы прокуратура Бекмурзаев салык кызматынан мүлкүн жашыргандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий