• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Доскул Бекмурзаев: Энергетикалык тартыштыкты жабуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты жабуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычы боюнча журналисттер үчүн пресс-турда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин иштеп чыгуу кубаттуулугу 500 мегаватты түзөт. “Белгилүү болгондой Токтогул суу сактагычында жалпы 4 агрегат бар. Бүгүнкү күнгө карата анын экөөсү оңдолуп жатат. Тактап айтканда, анын бири оңдоо баскычында болсо, экинчиси реконструкцияда. Кышка бардык оңдоо иштери бүтүп, биз толук кубаттуулукта иштей баштайбыз. Энергетикалык тартыштыкты ушундай жол менен жабуунун көздөп жатабыз”,-деди ал.

Мындан тышкары, министр жакында шаарда жылуу суу бериле байтайт, ага байланыштуу борбордогу ЖЭБ дагы 100 мегаватт электр энергиясын талап кылат деп кошумчалады.

“Учурда биз энергетика тармагындагы абалды анализдеп, алдын ала болжолдоп, эсептеп жатабыз. Башкы милдет – электр энергиясы менен туруктуу камсыздап, өчүрүүлөргө жол бербөө”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий