• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бекмурзаев: Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү - артыкчылыктуу багыттардын бири

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. КР Энергетика министрлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча объекттерди (чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары) курууга ниеттенген компанияларга күбөлүктөрдү тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ведвомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күбөлүктөр 20 компанияга берилди. План боюнча, бул компаниялар жалпысынан 639,5 МВт кубаттуулук бере турган станцияларды курат.

Иш-чарада энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтүү боюнча бир катар милдеттер коюлган. Учурда Энергетика министрлиги электр энергиясын иштеп чыгуучу станцияларды, анын ичинен күн, шамал станцияларын жана чакан ГЭСтерди ишке киргизүү боюнча иштеп жатат. Муну менен катар энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча объекттерди куруу үчүн ички жана тышкы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү байма-бай жүргүзүүдө», - деди энергетика министри.

Ошондой эле Доскул Бекмурзаев министрлик өз күчү менен бир нече кичи ГЭСти курууга белсенгенин белгиледи.

«Бала-Саруу ГЭСин куруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планыбыз бар. Суу сактагычтардын плотинасына курулган ГЭСтер ирригацияга терс таасирин тийгизбейт», - деди ал.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан үчүн эң келечектүү багыт чакан ГЭС болуп саналат, ал дагы энергиянын кайра жаралуучу булактарына кирет.

Белгилей кетсек, күбөлүк алган ишканалар ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары) субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

Маалымат үчүн: ЭКБ субъекттеринин реестри - бул бардык энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектилерин мамлекеттик каттоого алган бирдиктүү система. Күбөлүк алган компаниялар ЭКБ аркылуу электр энергиясын өндүрүп, аны сатуу, жеткирүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий