• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Достук кербени” Кара-Балта шаарына барат

Коом 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. “Достук кербени” Кара-Балта шаарына барат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 27-мартында 10.00дөн кечки саат 17:00гө чейин Ленин атындагы маданият үйүндө өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чаранын башкы максаты достукту бекемдөө жана маданият алмашуу.

Шаар тургундары үчүн иш-чаранын программасы төмөнкүдөй.

-Атайын борбордон келген тхэквандо тобунан мастер класс ;
-Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Ордо Сахна" фольклордук тобунан жан эргиткен музыка;
-Кымча белдүү, чийме каштуу кыздардан FASHION SHOW;
-Лидерлик сапатты өнүктүрүүчү тренингтер;
-Элечекти кантип туура ороо боюнча мастер класс ;
-Бизнес тармагы боюнча мыкты тренинг ;

“Кыскасын айтканда Кара-Балта шаарында бир күн той болот. Эң кызыктуу, ары пайдалуу, ары көңүлдүү болот деп ишенимдүү айта кетели. Ошондой эле лотерея ойнотулуп, баалуу байгелер ыйгарылат”,-деп уюштуруучулар жалпы тургундарды иш-чарага чакырып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий