• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Достук конушунан автоунаа уурдап кеткен деген шек менен эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Бишкектин криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдады делип эки жигит кармалды.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 29-январында О.Б. аттуу жаран «Достук» конушунан болжол менен түнкү саат 01:00-04:00 аралыгында «Хонда Одиссей» унаасын уурдап, изин жашырып кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренеси ("унаа каражатын уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жургүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган К.И жана К.А. аттуу шектүүлөр кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кармалгандардын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий