• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Достук мамиледеги жаштардын маданият аралык онлайн-форуму аяктады

Спорт 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрь күнү, «Чексиз достук – Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ынтымактуулугун жана кызматташуусун илгерлетүү» долбоорунун алкагында өткөн Достук мамиледеги жаштардын маданият аралык онлайн-форумунун расмий жабылышы өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанатка агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов, Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттигинин директорунун орун басары Дильноза Каттаханова, Кыргызстанда БУУнун системасынын туруктуу координаторы Озонниа Ожиело, ошондой эле Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин, ПРООНдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

«Барыңыздарды саламатта көргөнүмө кубанычтамын! Биздин терең кызматташуубуз жакшы жыйынтыктарга алып келди. Учурдан пайдаланып Өзбекстандагы досторубузду Жаштар иштери боюнча агенттиктин ачылышы менен куттуктап кетким келет. Бул өз кезегинде биз үчүн кийинки кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз», – деди Парханов.

Сөзүн жыйынтыктап, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достукка, алардын түшүнүшүүсүнө жана башка процесстерге жетүүгө көмөктөшкөн Кыргызстанда БУУнун системасынын чоң салымын белгилеп өттү.

Катышуучулар онлайн-форумдун жыйынтыктары тууралуу презентация кылышты. Ошондой эле «Жаштар-Достук-Маданият аралык диалог» аталышында Достук мамиледеги жаштардын маданият аралык онлайн-форумунун резолюциясын кабыл алышты.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында өткөн иш-чараларга Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунда жашаган 16 жаштан 20 жашка чейинки 100дөн ашуун жаш улан-кыздар катышышты. Форум чек арага жакын жайгашкан райондорундагы эки өлкөнүн жаштарынын биригишине жана аймакта жаштар дипломатиясын илгерлетүүгө мыкты старт болду.

Онлайн-форум Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ЮНИСЕФ, ПРООН, ЮНФПАнын техникалык колдоосу менен, «Youth of Osh» коомдук бирикмеси, IDEA CA менен өнөктөштүктө БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, «Чексиз достук» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Форумдун жабылыш аземи Эл аралык тынчтык күнүнө карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий