• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Достук мелдешиндеги 1 млн сомдук байге фонду Токмоктогу балдар үйүнө берилмей болду

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеши өттү.

Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаров 1 млн сомдук байге фондун Токмоктогу балдар үйүнө берүүнү командалар менен сүйлөшүп чечкенин билдирди.

Өлкө башчы ошондой эле достук мелдеши мындан ары жылына эки жолу, декабрь жана май айында өткөрүлүп турарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, мелдештин жеңүүчүсү “Өнөр” командасы болсо, экинчи орунду “Алга”, үчүнчү орунду “Президенттин администрациясы” командасы алды.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.

Пикир

Оставить комментарий