• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: «Достук» чек ара өткөрмө постунда видеокөзөмөл орнотулду

Аймак 0


Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Ош облусундагы «Достук» чек ара ѳткѳрмѳ постунун аймагында коомдук тартип видеокѳзѳмѳл аркылуу жүргүзүлѳ баштады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук тартип 24 саат бою видео кѳзѳмѳл аркылуу кѳзѳмѳлгѳ алынган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзѳт кызмат ѳзүнчѳ батальонунун милиционерлери жана туристтик взводу, ошондой эле Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 24 саат бою бул аймакта коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Мында келишкен чет ѳлкѳлүк жарандарга туристтик взводдун кызматкерлери алар түшүнгѳн тилде сүйлѳшүп, кызыккан суроолоруна жооп беришет. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий