• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

«Достук» пунктун модернизациялоо иштери 2020-жылдын соӊуна чейин жыйынтыкталат

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жалпы жыйынга алып чыкты.

Мыйзам долбоору ЕАЭБдин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу КР Өкмөтүнүн жана РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколу күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Көрсөтүлгөн Протоколго ЕАЭБ бирлигинин органдарынын актылары менен каралган иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу максатында кол коюлган. Иш-чаралардын алкагында техникалык көмөк көрсөтүү механизмине ылайык кыргыз өткөрмө пункттарын жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча бардык иш-чаралар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) россиялык уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат (Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана «Крокус Интернэшнл» АК).

Талкууда «Достук» өткөрмө пунктун реконструкциялоо, модернизациялоо иштери бүткөрүлбөй жаткандыктан, бул иш-чаралардын мөөнөтүн жылдыруу сунушталгандыгы белгилүү болду. Бир катар эл өкүлдөрү бул иш чараларды 3-ирет жылдырылып жаткандыгын айтып, эмне үчүн өткөрмө пункттар 5 жылдан бери модернизацияланып бүтпөй келе жаткандыгын сынга алышты. Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү 2020-жылдын соӊуна чейин аталган өткөрмө пунктту модернизациялоо иштери жыйынтыкталаарын билдиришти.

Жыйынтыгында ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий