• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Достук» жана «Бор Дөбө» өткөрмө пункттары 2021-жылга чейин реконструкцияланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР экономика министринин орун басары Дастан Кадыров баяндама жасады.

Ушул протокол менен Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) тышкы бажы чек арасындагы ѳзүнүн бардык өткөрмө пункттарын ЕАЭБ бажы талаптарына шайкеш келтирүү милдеттемесин 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылып жатат. Узартуунун себептери «Достук» (кыргыз-ѳзбек мамлекеттик чек арасы) жана «Бор Дөбө» (кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы) автомобиль өткөрмө пункттарын реконструкциялоосунун кармалышына байланыштуу. «Достук» жана «Бор Дөбө» автомобиль өткөрмө пункттарын долбоорлоо жана куруу боюнча иштер эң азы эки жылга созулат. Азыркы учурда «Достук» жана «Бор Дөбө» автомобиль өткөрмө пункттарын реконструкциялоо боюнча долбоордук документациялары макулдашуу процессин ѳтүп жатат.

Ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий