• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Драматург Жалил Садыковдун “Ак мөөр” тарыхый драмасы көрүүчүлөргө тартууланууда

Маданият 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, акын, драматург Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине карата "Ак мөөр" тарыхый драмасы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында көрүүчүлөргө тартууланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, спектаклге Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чыпаева, уулу Канат Садыков жана ошондой эле Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Аталган спектакль күзгү сезонго карата "Учур" театрынын актерлору тарабынан коюлду.

Белгилүү болгондой, 23-октябрь Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо акын быйыл 90 жашка толмок.

Жалил Садыковдун 90 жылдыгына карата жакынкы күндөрдө Кыргыз драм театрында акындын калемине таандык драмалардан жаралган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланары күтүлүүдө.

Жалил Садыков «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек »(1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтигин, «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү» сыяктуу бир топ драмаларды жараткан. Бир нече чет элдик акындардын ырларын которгон.

Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири жана анын ырлары обонго салынып ырдалып жүрөт.

Драматург Жалал Садыков 2010-жылы 78 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий