• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дрезден шаарында Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 10-июнунда Дрезден шаарында (Германия) КРнын Баатыры жана эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында фотокөргөзмөнүн жана «Каркыралардын убадасы» китебинин бет ачары өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги залкар жазуучуга арналган фотокөргөзмөнү уюштурду. Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндө жана чыгармачылыгында жасалган сүрөттөр катышуучуларга абдан кызыктуу болду.

Дипломаттык өкүлчүлүктүн атынан Элчиликтин кеңешчиси Асхат Рыскулов сөз сүйлөп, иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2018-жылы Кыргызстанда жана бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жазуучунун 90 жылдыгынын алкагында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов тууралуу кыска документалдык тасма, тактап айтканда Германияда болгон видеокадрлар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-Айтматовчу Ирмтрауд Гучке жазуучу менен бирге иштешкендиги тууралуу бөлүшүп, ошондой эле өзүнүн «Каркыралардын убадасы» аттуу автордук китебинен үзүндүлөрдү окуп берди.

Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка болгон өзгөчө ролун жана олуттуу салымын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий