• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"ДСК” жана “Консулда” түнкү стационарлар иштеп баштайт. Алар оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат

Коом 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Шаардык ооруканаларда орундардын жетишсиздигине байланыштуу КР президенти С.Жээнбековдун тапшырмасы жана ишкерлердин колдоосу менен борбордо эки түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түнкү стационарлар 7-кичирайонундагы «ДСК» спорт комлексинде жана Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Консул” ресторанында ачылды.

Түнкү стационарлар 220 керебетке эсептелген. “ДСКда” - 120 койка-орун, ал эми "Консулда" -100 койка-орун.

“ДСКдагы” санитардык бөлүктү толук каржылоону экс-мэр Нариман Түлеев өз мойнуна алса, ал эми "Консул" ресторанынын ээси имаратты убактылуу пайдаланууга акысыз берген”, - деп айтылат маалыматта.

Түнкү стационарлар түнкү убакта оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий