• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ДССУ 2021-жылды “Медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы” деп жарыялады

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2021-жылды “Медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ДССУ медициналык жана социалдык кызматкерлердин пандемия учурундагы күжүрмөн эмгегин, кошкон салымын белгилеш үчүн алардын жылы деп жарыялады.

“Анын алкагында Кыргызстанда 1-17-апрель аралыгында ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, ден соолук күндөрү жарыяланды. 3-апрелде “Адинай” сейил багында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүү министрлиги өнөктүккө старт берди. Ал күнү активдүү кыймыл аракетти көрсөткөн веложүрүш, жөө басуу жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Жүрөк-кан тамыр, өпкө, ич оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле өлкө аймагындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ачык эшик күнү өткөрүлөт. Жарандарга кан басымын, кандагы канттын өлчөмүн жана ден соолугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - дейт ал.

Акматова июль айынан баштап медкызматкерлердин айлыгы 40%га жогоруларын белгиледи.

“Президенттин жарылыгынын негизинде медиктер үчүн айлыктан сырткары, турак жайды алууда жеңилдиктер каралган. Медиктердин жетишсиздигинен улам медициналык окуу жайларды бүткөндөрдү жер-жерлерге алып барып, соцпакет менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий