• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДССУ балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөөгө чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биринчи жолу балдарды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө болорун билдирди, бул анын жаңыланган сунуштамасында айтылат, - деп билдирет Интерфакс уюмдун сайтындагы жаңыланган билдирүүсүнө шилтеме берип.

Жаңыланган билдирүүдө балдар жана өспүрүмдөр чоңдорго салыштырмалуу коронавирусту оңой жуктура тургандыгы айтылган.

"Ошондуктан эгерде алар оор COVID-19 илдетинин тобокелдиги жогору болгон топко кирбесе, анда аларды улгайган адамдарга, өнөкөт оорулары барларга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине караганда шашылыш эмдөөдөн өткөрүш керек", - деп айтылат ДССУнун сайтында.

Мындан мурда уюм COVID-19га каршы вакцинанын балдарга таасири тууралуу маалыматтын жетишсиздигин айткан, ошондуктан балдарды эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий