• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ДССУ: COVID-19 тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган далилдер жок

Дүйнө 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган далилдер жоктун билдирди. Уюм кишилерди вирусту тамактан жуктуруп алам деп коркпоого чакырды.

ДССУнун өзгөчө программаларынын жетекчиси Майк Райан 13-августта Женевада өткөн брифингде: «Кишилер азык-түлүк, азык-түлүк таңгактары жана тамак-аш жеткирүүдөн коркпошу керек. Азык-түлүк чынжырынан вирус жугат дегенге эч кандай далил жок», – деди.

Буга чейин Кытайдын эки шаарында изилдөөчүлөр тоңдурулган импортук азык-түлүктөрдөн коронавирустун издерин байкашканын, бул вирустун жайылышына себеп болушу ыктымал экенин билдиришкен.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча 14-августка карата коронавирустан өлгөн адамдардын саны 757 миңден ашты, 21 миллиондон көп киши вирус жуктуруп алды. Айрым өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан күчөтүлдү.

Райан эгер кишилер эрежелерди сактабаса, вирус көпкө сакталарын, дүйнө “бороондун чок ортосунда” каларын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий