• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДССУ коронавирустун жаңы толкуну тууралуу эскертти

Дүйнө 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө өлкөлөрү коронавирустун жаңы толкунунан сактанышы керек экенин эскертти.

ДССУнун билдирүүсү Европа өлкөлөрү ички чек араларын ачып, Кытайдын борбору Пекинде вирустун жаңы очогу пайда болгон маалда чыкты.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө COVID-19ду 8 миллион киши жуктуруп алды, 436 миңи көз жумду. Гебрейесус вирус Азия жана Америкада тездик менен жайылып жатканын белгиледи.

16-июндан тартып Кытай калк арасында тестирлөөнү көбөйтүп, борбор калаадагы бир нече районду карантинге жапты. Пекинде акыркы 50 күн катары менен вирус катталган эмес, учурда оорунун экинчи толкуну пайда болушу ыктымал деген кооптонуулар бар.

Ал арада 15-июндан тартып көптөгөн европалык өлкөлөр үч айлык карантинден кийин чек араларын ачып, коңшу мамлекеттерден турист күтө баштады.

Пикир

Оставить комментарий