• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДССУ Кыргызстанга COVID-19га каршы клиникалык изилдөөлөргө катышууну сунуштады

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга COVID-19га каршы клиникалык изилдөөлөргө катышууну сунуштады. Бул тууралуу маалымат жыйында ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Ал белгилегендей, ДССУ тилектештик акциясын жүргүзүүдө.

“Биз уюмга мүчө-өлкөлөрдүн бардыгына, анын ичинде Кыргызстанга дагы изилдөөлөргө катышууну сунуштайбыз. Эгер макул болсо, анда өлкө келишимге кол коюусу зарыл. Андан соң ДССУ клиникалык изилдөөлөрдүн алкагында колдонулуучу дары-дармектерди аз өлчөмдө жөнөтөт”, - деди Артыкова.

Назира Артыкова кошумчалагандай, азыркы убакта Кыргызстандан жооп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий