• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДССУ маймыл чечегин пандемия деп жарыялады

Ден соолук 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегин пандемия деп жарыялады. Бул тууралуу ДССУга шилтеме берүү менен lenta.ru жазды.

Маалыматка ылайык, маймыл чечегинин башталышы саламаттыкты сактоо үчүн глобалдык маанидеги кырдаал катары таанылган.

“Оорунун терс кесепеттерин азайтуу үчүн вирус жайылып жаткан жерлердин баарында токтоосуз чараларды көрүү жолу менен жок кылынышы керек. Азыркы учурда 58 өлкөдө ооруну жугузуп алгандар 3 миң 417 адамдан ашты, ал эми инфекциянын жайылышы жума сайын өсүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесустун айтымында, аталган вирус мурдагысына салыштырмалуу – бөтөнчө болууда, ошондуктан вирусологдор буга өзгөчө көңүл бурушу керек.

Пикир

Оставить комментарий