• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ДССУ миссиясы Кыргызстан өкмөтүнүн COVID-19 менен күрөшүүдөгү ишин баалады

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жалпы эпидемиологиялык кырдаалга оң таасирин тийгизди. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык миссиясынын башчысы Михал Мадейски билдирди.

Анын айтымында, бул коронавирус менен күрөшүүдө жардам берет.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкерден турган топ келген. Польшалык медиктер атамекендик медицина кызматкерлерине Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү үчүн келишкен.

Иштин жыйынтыгы боюнча, дарыгерлердин даярдыгы тууралуу, Модейски төмөнкүлөрдү билдирди: “Мындай дарыгерлер менен жанаша иштөө команда үчүн чоң сыймык болду. Жогорку деңгээлде жана эр аралык стандарттарга ылайык иштешет, ошондой эле алар дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүдө топтолгон билимге ээ”.

Пикир

Оставить комментарий