• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДССУнун башчысы адамзат үчүн "чыныгы коркунуч мезгили" жөнүндө эскертти

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21 /Кабар/. Азыр эмдөөдөгү ийгиликтерге карабастан коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу адамзат чыныгы коркунучта турат, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Гебрейесус.

«Вакциналарды кыска аралыкта иштеп чыгуу менен биз ийгиликтерге жетишип жатабыз. Бирок азыр дүйнөнү чыныгы коркунуч каптады. Биз мурда жетишкен ийгиликтерибиз жок кылынууда»,-деген Гебрейесус. Анын сүйлөгөн сөзүнүн тексти уюмдун сайтында жарыяланган.

ДССУ башчысы түшүндүргөндөй, адамдардын социалдык байланыштардагы чектөөлөрдү аткарууну токтотушу, саламаттык сактоо тутумдары ырааттуу иштебей жаткандагы жана эмдөөнүн ылдамдыгы бирдей эместиги COVID-19дун жаңы учурларынын санынын өсүшүнө алып келүүдө.

Бир күн мурун Гебрейесус сентябрдын аягына чейин ревакцинацияга убактылуу мораторий жарыялоого чакырган.

ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19га каршы вакциналарга жетүүдө глобалдык теңсиздик сакталууда, ал эми жакыр өлкөлөрдө вакциналар чыгарылган өлкөлөргө салыштырмалуу эмдөөнү толук алган, же жок дегенди биринчи доза алгандар алда канча төмөн жана өкмөт кайра эмдөө жөнүндө айта баштады.

Пикир

Оставить комментарий