• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДССУнун башчысы коронавирус пандемиясы быйыл аякташы мүмкүн экенин айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус быйыл, 2023-жылы коронавирус пандемиясы аяктай турганына үмүттөнөрүн билдирди, деп маалымдалат уюмдун сайтындагы билдирүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал коронавирустан каза болгондордун бир жумалык саны пандемия башталгандан бери биринчи жолу аз болгонун айтат.

"Быйыл кайсы бир учурда биз COVID-19 эл аралык деңгээлдеги коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө кырдаалы жана пандемия катары аяктады деп айта алабыз деп ишенем", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Гебрейесус эпидемияга каршы реакцияны көптөн бери мүнөздөгөн "шалаакылык дүрбөлөңүн" кайталабоо үчүн пандемиядан сабак алуу керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 31-декабрда Кытайдын бийлиги ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында белгисиз тумоо жүрүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, биринчи учурлар кандайдыр бир жол менен жергиликтүү деңиз базары менен байланышкан. 2020-жылдын январь айынын башында Кытайда коронавирустун жаңы түрү белгисиз вирустук пневмониянын чыгышына себеп болгону расмий жарыяланган. Ал эми 2020-жылдын 11-мартында ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жаңы коронавирустун жайылышы пандемия мүнөзүндө экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий