• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ДССУнун башчысы вирустун эволюциясына байкоо салуу жетишсиз жүрүп жатканын эскертти

COVID - 19 0

Дүйнөдө тескери толкун башталды. Көпчүлүк өлкөлөрдө эпидемиологиялык чектөөлөрдү алып салышууда, ал эми катаал чаралар али сакталып турган мамлекеттерде пандемияга чейинки тартипке акырындык менен кайтуу боюнча чечимдер кабыл алына баштады. Бирок адистер жарандарга пандемия аяктагандай ойлоого жана жашоого болбой турганын эскертишүүдө.

Тилекке каршы, COVID эч кайда кеткен жок, коронавирус менен күрөш уланууда, оор түрдө ооруп калуу тобокелдиги бар, катаал чектөөлөрдү кайрадан киргизүү ыктымалдыгы сакталууда, деп жазышууда медицина кызматкерлери. Бул жагынан алганда Германиянын тажрыйбасы көзгө көрүнөрлүк, айта кетсек, алар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу инфекциянын акыркы толкуну менен салыштырмалуу жакшыраак күрөшкөн. ГФР сыяктуу бир кыйла өнүккөн өлкөдө да алар кескин кадамдарга барбай, пандемиядан үч баскыч менен, акырындап чыгууну чечишти.

Биринчи баскыч учурда башталды – бул эмделгендер менен ковид менен ооруп айыккандардын жеке байланыштарын ар түрдүү чектөөлөрдү алып салуу. Эмделбегендер үчүн чектөөлөр 19-мартка чейин сакталат: эгерде чоңдордун кечесинин бир эле катышуучусу эмделбеген болсо, анда башка үйдөн кеминде эки гана адамды мейманга чакырууга болот. Ушул эле баскычта бардык дүкөндөргө, анын ичинде азык-түлүк сатуучу жайларга кирүүдөгү көзөмөл алынып салынат, буга чейин бул жерлержен эмделгендер жана ооруп айыккандар гана соода кыла алышчу. Анткен менен бардык дүкөндөрдө коргоочу, айрыкча FFP 2 беткаптарын тагынуу зарыл бойдон калууда.

Экинчи баскыч 4-мартта башталат. Бул күндөн тарта ресторандарга барууга жана мейманканаларда түнөөгө эмделген жана ооруп айыккандар үчүн гана эмес, коронавируска тапшырган тести терс чыккан кардарларга да уруксат берилет. Чектөөлөр түнкү клубдар жана дискотекалар үчүн калат: бул жайларга эки жолку эмдөөдөн өткөндөр гана терс жыйынтыгы болсо же бустердик дозаны алган болсо киргизилет. Аймактар аралык массалык, анын ичинде ачык асман алдындагы спорттук иш-чараларга (ири футболдук беттештер тууралуу кеп болууда) 75 миңге чейин көрүүчү киргизилет, бирок эмделгендер, ооруп айыккандар, бустердик дозаны алгандар же тесттин жыйынтыгы терс чыккандар гана. Жабык имараттарда – 6000 адамдан ашпайт. Ошондо да шарты менен – орундардын 60 пайызы гана толуп, ал эми көрүүчүлөр беткапчан болууга тийиш.

Соңку үчүнчү баскыч 20-мартта – Германияда метеорологиялык жаздын келиши менен башталат. Ушул күндөн баштап канцлердин кеңешмеде жактырылган токтомунда айтылгандай, эгерде ооруканалардагы кырдаал шарт түзсө, анда “бардык олуттуу коргонуу чараларын алып таштоо керек”. Бирок, ошону менен бирге Германиянын өкмөт башчысы жана аймактык премьерлери кандай чараларды “олуттуу” катары эсептеп жатканы такталган эмес.

Германия бийлигинин мындай этият саясаты эмне менен түшүндүрүлөт? Эксперттердин тынымсыз эскертип турган себеби менен: пандемиянын жаңы толкуну келиши мүмкүн.

COVID-19 жарандардын саламаттыгы, ошондой эле АКШнын коопсуздугу үчүн “кыйла кооптуу” болууну улантууда деп белгиленет Ак үйдүн документинде. Президент Джо Байден жакында 2020-жылдын март айында өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалды узартканы да таң калыштуу эмес. АКШ лидери белгилегендей, коронавирус 900 миңден ашуун америкалыктын өмүрүн алып кеткен жана анын айтымында, аны менен күрөшүү үчүн федералдык өкмөттүн бардык мүмкүнчүлүктөрү дагы эле талап кылынат. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери АКШда коронавирус инфекциясынын 78,3 миллиондон ашык учуру аныкталганын белгилейбиз. 933,7 миңден ашуун америкалык COVID-19дан көз жумду. Бул эки көрсөткүч боюнча Кошмо штаттары дүйнөдө биринчи орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус, мисалы, дүйнөдө азыр коронавирустун жугуштуу жана кооптуу вариантынын пайда болушу үчүн "идеалдуу шарттар" бар деп эсептейт: "Чындыгында, азыркы болгон шарттар бир кыйла жугуштуу, кооптуу варианттын пайда болушу үчүн идеалдуу. Кээ бир өлкөлөрдө эмдөөнүн кеңири таралышы жана коронавирустун "омикрон" штаммы оорунун жалпысынан анча оор эмес жүрүшүн шарттаганы "пандемия бүттү деген кооптуу ойго" алып келди. “Бирок андай эмес”, - деп белгилеген ДССУ башкы директору жума сайын ковидден дүйнө жүзүндө 70 миңге жакын адам каза таап жатканын, саламаттык сактоо системасынын жүктөмү оор болуп, ал эми вирустун эволюциясына байкоо салуу жетишсиз жүрүп жатканын эскертти.

Коронавирустун мутациясын токтотуу үчүн 6-8 айдын ичинде жамааттык иммунитетке жетишүү зарыл деп эсептейт Н.Ф.Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург. Окумуштуу штаммдар дайыма пайда болуп турарын, бирок алардын арасынан популяциядагы иммунитетти жеңе алганы гана эпидемиологиялык мааниге болорун эскертет. “Штаммдын эволюциясы дайыма уланат. Аны токтотуу үчүн биздин милдетибиз алты, жети, сегиз айдын ичинде бүт жер шарында иммундук капкакты түзүү”, - деп белгиледи Гинцбург. Окумуштуунун айтымында, буга биринчи кезекте эмдөө аркылуу жетсе болот. Ал эми бардыгы эмдөөдөн өтмөйүнчө, штаммдын эволюциясы эмделбегендерде улана берет.

Окумуштуулар жаңы изилдөө жүргүзүштү, ал коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар эмделгендерге караганда COVID-19ду кайра жугузуп алуу ыктымалдуулугу беш эсе көп экенин көрсөттү. Себеби инфекциядан алынган иммунитет кыска болот. Көптөгөн бейтаптар аларда COVID-19га каршы антителолор бар болгондуктан, аларга вакцинанын кереги жок деп ойлошот. Манхасеттеги (Нью-Йорк штаты) Northwell Health жугуштуу оорулар боюнча эксперти дарыгер Брюс Фарбер оору туруктуу иммунитет берерине ишенүүнү жаңылыштык деп эсептейт. «Барган сайын көбүрөөк ушундай болуп жатат. Мен аларга айтам: билесиңерби, туура айтасыңар, ооруп айыккан COVID-19дан кандайдыр бир иммунитет бар, бирок сиз бул иммунитетти кеңейтип, иммунитетти күчөткүчтүн жардамы менен бекемдей аласыз”, - дейт окумуштуу. Фарбер ошондой эле коронавирус мутациясын улантып жаткандыктан, адамдар жыл сайын COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек деп болжолдойт.

Британ окумуштуулары коронавирустун кийинки штаммы мурунку варианттарга караганда алда канча коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептешет. Эдинбург университетинин эпидемиолог профессору Марк Вулхаус омикрон - бул COVID-19дун башка генеалогиялык бутагы жана “дельтага” түздөн-түз тиешеси жок деп айтат. Бул жагдайга байланыштуу жаңы версия кайдан келери жана акыры кандай касиеттерге ээ болору толук белгисиз. «Бул аздыр-көптүр патогендүү болушу мүмкүн. Омикрондон кийин дагы варианттар пайда болот, эгер алар жугуштуу болсо, алар үстөмдүк кылат. Алар өлүмгө алып келиши мүмкүн же олуттуураак терс таасирин тийгизиши мүмкүн», - деп эскертет адис.

Учурда медициналык басылмаларда COVID-19дун алтынчы толкуну ушул жайда келер-келбеши тууралуу талкуу күчөдү. Июнь айында коронавирустун жаңы штаммынын пайда болуу ыктымалдыгы жана оорунун күчөшү жогору деп эсептелбеши керек, анткени омикрон башка штаммдарды алмаштырууну улантууда жана үстөмдүк кылууда, дейт РЭДУнун жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти Сергей Вознесенский. COVID-19ду математикалык моделдөө жана болжолдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Алексей Боровков аны менен толук макул эмес, ал жайдын башында оорунун жаңы өсүшү - коронавирустун алтынчы толкуну болушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдары пайда боло берет, бирок бул качан болорун так айтуу кыйын, деп жазат Жогорку Экономика мектеби УИУ Саламаттыкты сактоо экономикасы институтунун директору Лариса Попович. Ошол эле учурда ал коронавирустун жүрүм-турумун моделдөө өтө кыйын экенин баса белгилейт: “Мен математикалык моделдерге сабырдуу жана белгилүү бир деңгээлде ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат элем. Жайында эмне болорун алдын ала айта албайм. Бул алтынчы толкун болобу жана эпидемиялык процесстин өнүгүшүн мынчалык тактык менен алдын ала айтууга болобу, аны убакыт көрсөтөт, болжолдоолорго олуттуу мамиле кылуу керек деп ойлобойм. Кандай вирустар айланат, кандай мутациялар болот - муну алдын ала айткан так математикалык моделдер эмес, бул кокустук процесстер. Албетте, жаңы штаммдар болот. Биз микродүйнөнүн бир кыйла агрессивдүү чөйрөсүндө жашап жатканыбызды жөн гана түшүнүү керек. Ал эми ага каршы жалгыз күрөш – бул биздин иммундук системабыз, аны бекемдөө, гигиеналык чаралар».

Кесиптик чөйрөлөрдөгү эмдөөнүн келечеги, анын ар кандай стратегияларынын эффективдүүлүгү жөнүндө талаш-тартыштар жүрүүдө. Бирок бир нерсе айкын: SARS-CoV-2 эволюциясын улантууда, жаңы штаммдар пайда болот, жаңы дарылар дагы чыгып жатат. Эмдөө жана ревакцинациялоо зарылдыгы эч кимде күмөн саноолорду жараткан жок: эгерде биз катуу оору, ооруканага жаткыруу жана өлүм коркунучун азайтууну кааласак, эмдөө зарыл.

Пикир

Оставить комментарий