• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ДССУнун COVID-19га каршы күрөшүүгө арналган жыйыны башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкаруучу органдары COVID-19 пандемиясынын айланасындагы абалды талкуулоо үчүн эки күндүк онлайн жыйынга чогулушту.

Алгачкы күнү эл аралык эксперттер бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн пандемияны токтотуу боюнча ДССУнун сунуштарын аткарууга чакырышты.

Расмий маалыматтар боюнча коронавирусту дүйнөдө 4 миллион 890 миңден ашык киши жуктуруп алды. Алардын ичинен кеминде 320 миң бейтап каза болду.

Европа Биримдиги менен Австралия жаңы вирустун келип чыгышын жана жайылуусун жакшылап иликтөөгө чакырууда. Ушу тапта бул сунушту колдогон өлкөлөрдүн саны 122ге жетти. Алардын арасында Улуу Британия менен Россия да бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш пандемияны азыркы замандын эң олуттуу чакырыгы деп атап, азырынча илдетти токтотуу боюнча натыйжалуу каражат табыла электигин белгиледи. Гуттериштин айтымында, «өлкөлөр коронавирустун жайылуусун токтотууга каршы ар башка, айрым учурларда талаштуу стратегияларды колдонууда». Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары сакталбай жаткандыктан, адамзат көптөгөн жоготууларга дуушар болуп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий