• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ДЦП менен ооруган баланын сабалышы. Райондук милициянын башчысынын орун басары териштирүүнү жеке көзөмөлгө алды

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкекте ДЦП (балдар церебралдык параличи) менен ооруган баланын сабалышы боюнча Биринчи май райондук милициясынын жетекчисинин орун басары Руслан Бердибаев териштирүүнү жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги “Аутизм Победим KG” борборунда балага катара зомбулук болгонунун жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий