• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дубай эмиратынын башкаруучусу EXPO-2020 көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна келди

Экономика 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Дубай эмиратынын башкаруучусу EXPO-2020 көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна келди, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) премьер-министри жана вице-президенти шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум көрүп кетти. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-декабрда болгон бул сапардын алкагында, ошондой эле, бийик даражалуу конок Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту.

Кыргызстандын дүйнөлүк көргөзмөгө катышуусун кубаттап жатып, Шейх Мохаммед EXPO-2020 кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныштырууга жана өлкөнүн келечекке карай көз карашын көрсөтүүгө аянтча болуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, БАЭнын премьер-министри А. Жапаров менен эки тараптан кызыкчылыкты жараткан бир катар суроолор боюнча ой-пикири менен алмашып, ар кандай тармактарда, өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоодо кызматташууну активдештирүү жолдорун талкуулады.

Өз кезегинде А. Жапаров Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстан ортосундагы тыгыз байланышты жогору баалап, БАЭ ишке ашырууга жардам берген билим берүүчүлүк долбоорлорду белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий